www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-сентябрга карата VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына жалпы суммасы 31 млн 721 миң сомдук 37 миң 198 билет сатылды. Бул тууралуу ДКОнун медиаштабынан билдиришти.
Билеттерди сатуу «NEBS.GOV.KG» улуттук электрондук билет системасы аркылуу жүргүзүлдү.
Жалпы суммадан:
▪️QR-код аркылуу 17 млн 821 миң 48 сом келди;
▪️«Элкарт», «Visa» жана «Mastercard» банктык карталары аркылуу 10 млн 410 миң 533 сом түштү;
▪️Накталай акча түрүндө 3 млн 489 миң 419 сом түшкөн.
Ошол эле учурда Кырчын капчыгайындагы маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болду.
«Рух Ордо», «Дордой Номад» этношаарчасындагы жана ипподромдогу айрым маданий иш-чараларга билеттердин баасы 500 сомду түздү.
Жабылуу аземине билеттер секторго жана орунга жараша 500 сомдон 4000 сомго чейин, ал эми көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге 1000 сомдон сатылды.