www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер каабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту.
Эки тараптуу жолугушуу МинКаб төрагасынын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында өттү.
МинКаб төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.