www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эксим банктын (EXIM Bank) Президенти жана Төрагасы Джон Йованович менен жолукту. Жолугушуу Вашингтондо Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу каржылык кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Эксим банктын жетекчилиги менен Кыргызстандын учурдагы экономикалык өнүгүүсү жана өлкөнүн акыркы беш жылдагы жетишкендиктери тууралуу маектешти.

Өз кезегинде Джон Йованович Кыргыз Республикасынын МинКаб Төрагасына Эксим банктын негизги ишмердүүлүгү, анын АКШнын финансылык-кредиттик саясатындагы ролу жана орду тууралуу маалымат берип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча конструктивдүү диалогду улантууга макулдашышты.

Маалымат үчүн 

Кошмо Штаттардын Экспорт-Импорт банкы (EXIM) – бул Америка Кошмо Штаттарынын расмий федералдык экспорттук-кредиттик агенттиги, анын ишмердүүлүгү америкалык экспортту колдоо үчүн багытталган. 

EXIM банкынын портфелинин жалпы көлөмү 2025-финансы жылына карата 34,8 млрд АКШ долларын түздү.

Последние новости