www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз өкмөтү картөшкөнүн импортун чектөөнү ойлонуп жатканын билдирүүдө. Бирок, ал чара формалдуу гана, иш жүзүндө иштебейт экенин журналист Кубатбек Айбашов Фейсбук баркчасында тушундурдү.
"Биринчиден, бул өтө кеч көрүлгөн чара болуп жатат. Кыргыз дыйкандары учурда түшүмдөрүн 15-16 сомдон сатып жатышат - бул чыгымын да актабайт.
Экинчиден, өкмөт импортту 07019050 тн вэд коду менен чектегени жатат. Бирок, картөшкө көбүнчө башка код менен, тагыраагы 07019000 тн вэд коду менен өтөт. Коддордун айрмачылыгына назар салгыла.
Мисал келтирейин, 2026-жылдын январь-август айларында Кытай Кыргызстанга ушул код менен 74,3 миң тонна ($49,3 млн), 2025-жылы 149 миң тонна ($129 млн) картөшкө саткан. Кыргыз базарларында былтыртан бери кытай картөшкөлөрү жайнап эле калган. Биздин өкмөт айтып жаткан код менен бир тоголок да картөшкө саткан эмес. Кытай картөшкөсүнүн баасы былтыр болжол менен 76 сомдон, быйыл 58 сомдон келген.
Ал эми кыргыз статистикасы быйыл жети айда сырттан болгону 24,7 миң тонна картөшкө импорттолгонун, анын 21,4 миң тоннасы Кытайдан келгенин саймедиреп отурат.
Кытай менен Кыргызстандын эсептерин өзүңөр салыштырып көргүлө. Ошондо жанагы тн вэд коддун иштешине ишенүүгө болобу? Кыргыз бажысында товар өткөрүүдө/каттоодо маселелер бар деген ойду жаратпайбы?", - деди Айбашов.