www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдо таза суу системасы жаңыланууда

Караколдо таза суу системасы жаңыланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды өнүктүрүү департаменти тарабынан ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда.

Учурда объекттерде активдүү курулуш-монтаждоо иштери жүргүүдө. Подряддык уюмдар магистралдык суу түтүктөрүн алмаштыруу, суу топтоочу курулмаларды жана насостук станцияларды модернизациялоо иштерин аткарууда.

"Шаардык суу менен камсыздоо системасын комплекстүү реабилитациялоо боюнча долбоорго Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) колдоо көрсөтүүдө. Объектти 2027-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда",-деп айтылат маалыматта.

Последние новости