www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарындагы Хан-Теңири кичи районунда курулуп жаткан ипотекалык турак жайлардын алгачкы 6 блогу жакын арада пайдаланууга берилет.
Учурда курулуштун акыркы этаптары жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери аяктап жатат. Натыйжада күзгө чейин 330 жаран жаңы батирлердин ээси болот.
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын маалыматына ылайык, 2026-жылы Ысык-Көл облусунда жалпысынан 1430 жаранды турак жай менен камсыз кылуу пландалууда. Калган батирлер күз айларында тапшырылат.
Хан-Теңири кичи районунда жалпы 28 блок курулуп жатат. Анын алгачкы алтысы ушул жайда пайдаланууга берилсе, калган үйлөрдү жыл аягына чейин бүткөрүү мерчемделген.
Учурда Ысык-Көл облусунда ипотекалык турак жай алуу үчүн кезекте 6 миңге жакын жаран турат.
Быйылкы курулуштар өз мөөнөтүндө аяктаса, жыл соңуна чейин 2 миңге жакын адам жаңы батирге ээ болот.