www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарында жаңы канализациялык тазалоочу курулмаларды (КТК) куруу боюнча ири долбоор акыркы этапка чыкты. Учурда курулуш-монтаждоо иштери 90%га аткарылды.
Жаңы КТКнын долбоордук кубаттуулугу суткасына 12 миң куб метрди түзөт.
Бул шаардагы саркынды сууларды толук көлөмдө тазалоого жана Ысык-Көлдүн биосфералык аймагын экологиялык жактан коргоого шарт түзөт.
Долбоор эл аралык экологиялык стандарттарга жооп берген көп баскычтуу тазалоо системасын камтыйт.
Механикалык этапта автоматташтырылган кабыл алуу камералары, одоно жана майда тазалоочу торлор (20 мм жана 6 мм), ошондой эле кум жана май кармоочу системалар колдонулат.
Биологиялык тазалоо «A2O» технологиясы боюнча жүргүзүлөт. Ал анаэробдук, кычкылтексиз жана аэробдук зоналарды камтып, саркынды суудан көмүртек, азот жана фосфорду терең бөлүп чыгарууну камсыздайт.
Мындан тышкары, объектте бардык негизги процесстер SCADA санариптик башкаруу системасына интеграцияланып, толугу менен автоматташтырылган.
Бул насостордун иши жана саркынды сууларды бөлүштүрүү процесстерин да камтыйт.
Акыркы этапта тазаланган суу натрий гипохлорити менен коопсуз түрдө зыянсыздандырылып, андан соң айлана-чөйрөгө чыгарылат.
Долбоор ишке берилсе, Каракол шаарынын экологиялык коопсуздугу кыйла жакшыртылып, Ысык-Көл аймагын коргоо деңгээли жогорулайт.