www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Кулжа районунда жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу жана анын асылдуу катмарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Жыгач айылынын Ы.А. аттуу тургуну өзүм билемдик менен болжол менен 300 чарчы метр жайыт жердин асылдуу катмарын сүрдүрүп салган.
Бул факт боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, жерди пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жаранга "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 239-беренесине ылайык 3 миң сом айып пул салынып, жайыт жердин асылдуу катмарына келтирилген зыян үчүн 68 миң 400 сом өлчөмүндө доо эсептелди.
Учурда бузулган жайыт жерди кайра баштапкы абалына келтирүү милдети мыйзам бузган жаранга жана жергиликтүү айыл өкмөтүнө жүктөлдү.