www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту эркин журналист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды.
Жакында эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы журналистке козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, райондук сотко өткөрүп берген. 30-апрелде Канышай Мамыркулованынун адвокаттарынын арызы каралып, сот аны четке какты.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алып, 9-апрелде Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.
Шаардык милиция ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып койгон.