www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү Кант шаарында катталган жол кырсыгы боюнча шектүү кармалганын билдирди.
Ал эми, Чүй ОИИББ унаадагылардын бардыгы Кант шаардык мэриясынын кызматкерлери экенин кошумчалады.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 21-май күнү саат 23:53 чамасында Ысык-Ата районунун милиция бөлүмүнө Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда, Кант шаарындагы Куренкеев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Анда унаа турак үйгө кирип барып өрттөнүп кеткендиги да маалымдалган.
Окуя каттоого алынып, жерине Ысык-Ата РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран «Mercedes-Benz S-Class» үлгүсүндөгү кара түстөгү унааны башкарып бара жатып, башкарууну жоготуп, светофордон өтүп кетип, Ленин көчөсүндөгү тиш дарылоо кабинетине урунган.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу А.А. жана 1998-жылы туулган Н.А. менен 2004-жылы туулган А.К. ар кандай жаракаттар менен Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.
Ал эми 1998-жылы туулган К.Ф. алган оор жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочу А.А. мас абалында болгондугу аныкталган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык шектүү катары А.А. кармалган.
Тергөөнүн жүрүшү уланууда.