www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусуна кызматтык иш сапары менен келди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында министр селден коргоо, инфраструктура жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. 

Алгач иш сапар Ак-Талаа районунан башталып, Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Жаңы-Тилек айылынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан селден коргоочу каналдын абалы жеринде көрүлдү. Министр жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, министр Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин кампусунда болуп, объекттин учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.

Ошондой эле Нарын шаарынын аймагындагы Мазар-Булак жана Чыгыш-Булак кооптуу тилкелеринде Ага-Хан өнүктүрүү уюму тарабынан курулган сел тосмолору жеринде көрүлдү.

Иш сапардын жүрүшүндө министр КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан имараты менен да таанышып, курулуш иштеринин сапатына жана жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурду.

 

Последние новости