www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-февралында КАРИКОМ өкмөт башчыларынын 50-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Белиздин тышкы иштер министри Франсис Вильям Фонсека, Суринамдын КАРИКОМдогу атайын өкүлү Шаирме Хакмат Кнингферандер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле Гайананын Президенти Мохамед Ирфаан Али, Доминика Шериктештигинин Премьер-министри Рузвельт Скеррит жана Ямайканын тышкы иштер министри Камина Джонсон-Смит менен өзүнчө баарлашуулар болду. Белиз жана Суринам өкүлдөрү менен болгон жолугушууларда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу жүрдү.
Тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү тууралуу макулдашышты. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Кариб аймагынын өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну жандандыруу маселелери талкууланды.
К.Турсункулов Гайананын мамлекет башчысы, Доминиканын өкмөт башчысы жана Ямайканын тышкы иштер министри менен болгон жолугушууларда акыркы жылдары Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана экономикалык жетишкендиктер тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагында көтөрүп жаткан демилгелери жөнүндө айтып берип, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан мамлекет жетекчилерине даректелген жеке кайрылууларын тапшырды. Маектештер Кыргызстан делегациясынын Сент-Китс жана Невис мамлекетинде өткөн КАРИКОМ өлкөлөрүнүн юбилейлик 50-конференциясына катышуусун кубатташып, эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.