www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматовду ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Венера Салямова Кайрат Маматов кызматынан мөөнөтүнөн мурда өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазганын билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Кайрат Маматовду Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.