www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин премьер-министри Нетаньяхунын жубайына кылмыш иши козголду
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунын жубайы Сара Нетаньяхуга каршы кылмыш иши ачылды. Ага күбөлөрдү коркутуу жана күйөөсүнө байланыштуу коррупциялык иштерге кийлигишүү боюнча айыптар тагылууда.
Иликтөө Израиль полициясы жана Мамлекеттик прокуратуранын киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө. Депутат Наама Лазими муну абдан олуттуу кылмыш деп атап, жазалоо керектигин билдирди.
Эскерте кетсек, Сара Нетаньяху 2019-жылы мамлекеттик каражатты туура эмес колдонуу боюнча соттолгон.