www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин Коргоо министри Исраэл Кац Ирандын коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Али Лариджани Тегеранга жасалган аба соккусунун натыйжасында каза болгонун маалым кылды. Бирок бул маалыматты бышыктаган далилдер келтирилген жок.
Иран тарап бул маалыматты четке каккандай болду. Алар Ларижанинин 17-мартта жазган делген катын көрсөтүшкөн. Каттын сүрөтү анын X социалдык тармагындагы баракчасына да жарыяланган.
2025-жылдын август айында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ларижанини Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы жана өлкөнүн жогорку лидери кеңештеги өкүлү кылып дайындаган.
Ал Иран парламентин (Мажлис) 12 жыл, 2008-жылдын май айынан 2020-жылдын май айына чейин жетектеген.