www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Сауд Арабиясында өтүп жаткан VI Ислам тилектештиги оюндарынын чемпиону болду.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмактагылар арасында мелдешке катышып, 1/8 финалга чыккан.
Кыргызстандык алгач Тунис балбанын, андан кийин Египет балбанын жеңди. Финалга чыгуу үчүн болгон оор беттеште Махмудов Катар үчүн күрөшүп жаткан ирандык балбандан жеңишке жетишти.
Финалда кыргыз спортчусу дагы бир ирандык балбан менен беттешти. Махмудов туша менен жеңишке жетти. Бул Кыргызстандын бул Ислам оюндарындагы биринчи алтын медалы болду.