www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

101 жашын белгилеп, ишин улантып жаткан АКШнын тургуну узак жашоонун сыры менен бөлүшүп, акыл-эсин курч кармоонун жолун ачты. 

Калифорниянын Анахайм шаарында жашаган Дезири Энгель Европада төрөлүп, бирок нацисттерден качуу үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда күйөөсү менен Америкага көчүп кеткен. Аял үч баланын энеси болуп, учурда жети небере жана жети чөбөрөсү бар. Жашына карабай өз үйүндө жашап, ишин улантууда – скульптура боюнча жеке сабактарды берет.
101 жаштагы америкалык аял өзүнүн туулган күнүнүн урматына үй-бүлөсү жана достору үчүн өзүнүн сүйүктүү клубунда скрэббл оюнчулары үчүн жолугушуу өткөрдү.

Орусияда "Эрудит" деген ат менен белгилүү болгон сөздөрдү түзүү - үстөл оюну. Бул аял өзүнүн узак жашоосу жана акылынын тунук болушунун негизги себебин скрэббл деп атаган.

"Мунун аркасында мээлер иштей берет. Сага үйрөтүшүмдү каалайсыңбы?" - деп журналисттерге кайрылды туулган кыз.

Кошумчалай кетсек, Энгель дайыма жашоодон ырахат алууга жана жагымсыз окуялардан да пайда алууга аракет кылганын айтты. "Эгер жашоо сага лимон гана берсе, лимонад жаса. Бул менин мантрам", - деп тамашалады Энгель.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости