www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 18-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев Түркия мамлекетинин ТИКА кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы башчысы Али Муслу менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда эки тарап, кооперативтерди түзүүнү өнүктүрүү, аймактагы дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, түркиянын ирилештирүү ыкмасын колдонууну талкуулашты. Талкуу учурунда Министр Э.Чодуев:

“Кыргызстанда кооперативтерге, логистикалык борборлорго салыктан мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралып салыктын баасын төмөндөткөнүн айтты. Ошондой эле, Кыргызстанда кооперативдерди көбөйтүү керектигин, ар бир айыл өкмөттөн экиден адисти даярдоо зарылдыгын билдирди. Бул окутууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да өзгөчө көңүл буруп, жардам көрсөтүү керек”, - деди ал.

Түркия мамлекетинин ТИКА кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы башчысы Али Муслу мырза Кыргызстандын дыйкандарына туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө окутууга жардам берерин билдирип, Түркиянын кооператив түзүү ыкмасын колдонууну сунуштады. Ирилештирүү ыкмасы менен айыл чарбасын өнүктүрүү абдан натыйжалуу болорун айтты.

 

Последние новости