www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац аба соккудан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрүнүн командири Алиреза Тангсири жок кылынгангын билдирди.

“Кечээ түнкү операцияда Израил армиясы революциялык гвардиянын деңиз күчтөрүнүн командири Тангсирини жана бир катар жогорку офицерлерди жок кылды”, - деди ал 26-марттагы видео билдирүүсүндө.

Кац Тангсирини Ормуз кысыгын миналап, кемелер үчүн бөгөт коюу операциясына жооптуу адам катары мүнөздөдү.

Иран Тангсиринин өлүмүн ырастай элек жана мамлекеттик маалымат каражаттарында да эч кандай билдирүү чыккан жок.

Айрым израилдик басылмалар Тангсири Бандар-Аббас шаарындагы соккуда өлтүрүлгөнүн жазышууда. Бул шаар Перс булуңунун жээгиндеги Ормузган провинциясында жайгашкан.

Последние новости