www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда суу ташкыны 45 адамдын өмүрүн алды

Иранда 19-мартта башталган суу ташкыны 45 адамдын өмүрүн алды. 25 миңдей турак жайды сел жууп кетти. Түмөндөгөн адамдар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бийлик мындай нөшөр соңку он жылда болбогонун билдирди.

Ирандын Метеорология кызматы алдыдагы эки күндө катуу шамал менен коштолгон нөшөр уланарын эскертип жатат.

Мунайга бай Хузестан провинциясында Кархех плотинасынын коопсуздугу тынчсыздануу жаратууда. Жекшембиде бийлик плотинага суу толуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп, аймакта өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Провинциядан миңдеген адамдар коопсуз жактарга көчүрүлдү.

Ирандын президенти Хасан Роухани табигый кырсыктан жабыркагандарга кенемте төлөнүп берилерин айтып, армияны кыйраган аймактардагыларга жардамга барууга чакырды.

Булак: "Азаттык"

Последние новости