www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-февралдан тарта Иранда АКШ жана Израилдин аба соккуларынын натыйжасында 555 адам мерт кетти. Бул тууралуу Ирандын Кызыл Жарым Ай коому билдиргенин Fars агенттиги маалымдады.

Учурда урандылардын алдынан сөөктөрдү чыгаруу иштери уланууда. Окуя болгон жерлерде 100 миңден ашуун куткаруучу жана ыкчам кызматкерлер иш алып барууда.

Соккуларга Ирандын 131 шаары кабылган.

Айрыкча Минаб шаарындагы кыздар үчүн башталгыч мектептин имаратына жасалган чабуул өтө кайгылуу болду. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, 148 окуучу кыз каза болуп, дагы 95и жаракат алган.

Эске салсак, 28-февралда Израиль АКШнын колдоосу менен Иранга сокку ура баштаган. Натыйжада өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи жана иран жетекчилигинин бир катар жогорку кызмат адамдары каза болгону кабарланган. Буга жооп иретинде Тегеран кеңири масштабдагы жооп операциясын баштаганын жарыялаган.

Ирандын жооп соккулары АКШнын объектилери жайгашкан Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөргө да тийген. Натыйжада аймактагы бир катар өлкөлөрдүн аба мейкиндиги убактылуу жабылганы маалымдалууда.

Последние новости