www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Ормуз кысыгын кайрадан жапты

Иран Ормуз кысыгын кайрадан жаап, ал АКШ деңиз блокадасын толук алганга чейин жабык бойдон каларын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрү маалымдады.

Иран бул чечимди АКШ эки жумалык элдешүүнүн шарттарын бузуп, ирандык кемелер менен портторго каршы блокаданы токтотпогону менен түшүндүрдү. Ирандык аскерлер кемелерди жана алардын ээлерин расмий маалыматтарды гана көзөмөлдөөгө чакырды.

Ошондой эле Перс жана Оман булуңдарындагы кемелерге токтоп турган жеринен чыкпоону эскертип, Ормуз кысыгына жакындаган кемелер душман менен кызматташкан катары бааланарын билдиришти.

Буга чейин, 17-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи элдешүү маалында кысык соода кемелери үчүн ачык болорун айткан. Ошол эле күнү Дональд Трамп АКШнын деңиз блокадасы Иран менен келишим түзүлмөйүнчө күчүндө кала турганын билдирген. Ал эми 18-апрелде Иран АКШны Ормуз кысыгы аркылуу шантаж кыла албай турганын айткан

Последние новости