www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын “Хатам аль-Анбия” борбордук штабы АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүлөрүнө жооп берип, эгер Ирандын инфраструктураларына чабуул жасалса, ага жооп катары аймактагы объектилер бутага алынарын эскертти.
Штабдын басма сөз катчысы, полковник Эбрахим Зольфагари билдиргендей, АКШ тарабынан Ирандын инфраструктураларына сокку уруу тууралуу коркутуулар ишке ашса, Ирандын Куралдуу күчтөрү жооп кайтарууга даяр.
Буга чейин Дональд Трамп Тегеран сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келбесе, Ирандагы көпүрөлөргө жана электр станцияларына сокку урулушу мүмкүн экенин билдирген.
Ошондой эле Ирандын аскер жетекчилиги АКШнын Ормуз кысыгына байланыштуу маселелерге кийлигишүүсүнө жол берилбей турганын белгиледи.
Акыркы күндөрү Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалуу күчөп, тараптар бири-биринин аскердик объектилерине сокку урулганын билдиришкен.
Иран бийлиги Вашингтондун аракеттерин мурда жетишилген келишимдерди бузуу катары баалаган.
АКШ жана Ирандын ортосундагы кырдаал боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн мындан аркы багыты азырынча белгисиз бойдон калууда.