www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирак өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен Ормуз кысыгы аркылуу мунай экспорттоого өзгөчө шарт түзүп берүүнү Ирандан өтүндү.
Бул тууралуу Ирактын парламентинин спикери Хейбат аль-Халбуси Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушуудан кийин билдирген. Жолугушуу Багдад шаарында өткөн.
Аль-Халбусинин айтымында, аймактагы кырдаалдан улам Ирак олуттуу зыян тартып жаткан өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ал Ирак менен Ирандын өзгөчө мамилелерин эске алуу менен, Ирактын мунайын Ормуз кысыгы аркылуу экспорттоого өзгөчө режим түзүү зарылдыгын белгиледи.
Жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана парламенттер аралык байланыштарды күчөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы жана эл аралык аренадагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.
Өз кезегинде Галибаф Иран Ирак менен, өзгөчө соода-экономикалык багытта кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле буга чейин эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ирак мунайынын экспортунун негизги бөлүгү Ормуз кысыгы аркылуу ташылат. Кысыктагы чыңалуу жана анын иш жүзүндө жабылышы өлкөнүн мунай экспортун кыйындатууда.