www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Уттар-Прадеш штатында катуу бороон жана нөшөрлөгөн жамгырдан улам 111 адам каза болуп, 72 киши жаракат алганын «Indian Express» гезити билдирди.
Тайфун Праяграж, Пратапгарх, Бхадохи, Фатехпур, Уннао, Канпур-Дехат, Чандаули, Сонбхадра жана Бадаун округдарында ири кыйроолорду алып келди. Кээ бир райондордо бороон бак-дарактарды тамыры менен жулуп, электр чубалгыларын кулатып, үйлөрдү зыянга учураткан.
13-май күнү кечинде штаттын бир нече районунда жамгыр жана чагылган менен коштолгон чаң бороону болгон. Айрым адамдар бактардын кулашынан каза болсо, башкалары курулуш конструкцияларынын урашынан жана чагылгандан каза болушкан.
Аба ырайынын кесепетинен жаныбарлар да кырылган. Акыркы маалыматтар боюнча, 114 баш мал өлгөн.