www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия Россиядан атомдук суу астында жүрүүчү кайыкты 10 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктады. Бул тууралуу “Bloomberg” агенттиги жагдайга жакын булактарга таянып билдирди.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөр дээрлик он жылга созулуп, тараптар көп убакыт баа маселесинде орток пикирге келе алышпай жүрүшкөн. Акыры Индия 2 миллиард доллар төлөө менен келишимге жетишкен. Сумма техникалык тейлөөнү да камтыйт.

Ижарага алынган кеме өзөктүк ракеталарды ташууга жөндөмдүү, бирок келишим шарттары боюнча согуштук аракеттерде колдонууга тыюу салынган.

Индия бул субмаринаны деңизчилерди даярдоо жана келечекте өз атомдук флоту менен операцияларды уюштурууну өздөштүрүү үчүн пайдаланат. Учурда өлкөнүн курамында эки атомдук суу астындагы кеме бар, бирок Россиядан алынуучу жаңы кеме алардан ири масштабда чоң болот. Бул Индияга өзөктүк триаданы — кургактык, суу жана аба аркылуу өзөктүк сокку берүү мүмкүнчүлүгүн толук калыптандырууга жол ачат.

Буга чейин Индия Россиядан суу астындагы кайыкты ижарага алып, аны 2021-жылы кайра кайтарган.

Белгилей кетсек, 4-декабрда Россия Президенти Владимир Путин эки күндүк мамлекеттик сапар менен Индияда. Сапардын жүрүшүндө ал Премьер-министр Нарендра Моди менен жолугуп, Россия–Индия бизнес форумуна катышат.

Шехроз Жалгашев, Ташкен

Последние новости