www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Хайдарабад шаарында 27 жаштагы  кыздын бир нече киши тарабынан зордукталып, өлтүрүлүшү аталган өлкөдө нараазычылык толкунун жаратты. Акциянын катышуучулары мындай кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизүүнү, аялдарга коопсуздукту камсыздоону талап кылышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, кылмыш өткөн аптада катталган. Хайдарабад шаарында ветеринар болуп иштеген кыздын жоголгондугу жөнүндө анын үй-бүлөсү 27-ноябрда кечке жуук кабарлашкан. Аталган күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында кыз скутер менен ооруканага барыш үчүн үйүнөн чыгып кеткен. Көп өтпөй сиңдисине телефон чалып, скутеринин дөңгөлөктөрүн бирөө тешип койгондугун, жүк ташуучу унаанын ээси жардам бере тургандыгын айткан. Ошондон кийин кыздан кабар болгон эмес.  Жакындары тарабынан чалынган чакыруулар жоопсуз болгон. Анын сөөгүн бейшембиде таңга жуук көпүрөнүн астынан табышкан. 

Полициянын маалыматына караганда, кыз алгач зордукталып, андан соң өлтүрүлгөн. Полициянын айтымында кыздын скутеринин дөңгөлөгүн тешип, андан соң жардам сунушташкан. Кылмышка тиешелүү деген шек менен 4 киши кармалган. 

Индия мыйзамдарына ылайык, зордук- зомбулуктан жабыркаган адамдын аты-жөнү анын көзү өткөндөн кийин да сыр сакталышы керек, бирок, жума күнү ал кыздын ысымы “Твиттерде” эң көп колдонулган сөз болгон. Курман болгон кыздын сүрөттөрү социалдык тармактарда жарыяланып, колдонуучулар адилетттүүлүктү талап кылышкан.  Нараазычылык акциянын катышуучулары, саясатчылар күнөөлүүлөрдү өлүм жазасына кесүүнү сурашууда. 

Айрымс маалыматтар боюнча кылмышка шектүүлөрдүн экөөсүнүн энелери: “Эгер балдар күнөөлүү болсо, жасаган кылмышына жараша жазалансын, анткени, бизде  да кыз бар”,- деп интервью берген. 

Ишембиде Хайдарабад шаарында кыз жашаган жакын жердеги полиция мекемесинин алдында миңдей адам чогулуп, кылмышкелер үчүн өлүм жазасын сурашса, жекшембиде нараазчылык бүткүл өлкөнү каптаган.  Көптөгөн саясатчылар  бул окуяны кескин сындап чыгышкан.

Индия парламентинин депутаты, белгилүү актира Джайя Баччан:”Кызды өлтүргөндөр сотсуз, иликтөөсүз коомчулук тарабынан өлтүрүлөшү керек”,- деп парламентте айтты.

Опозициялык “Индия улуттук конгреси” партиясынын башкы катчысы Приянка Ганди:” Күн сайын биз кабылып жаткан коомдогу корс, катаал мамиледен, зордук-зомбулуктан баш тартышыбыз керек. Биздин  ой жүгүртүүбүз өзгөрүшү зарыл”,- деп “Твиттердеги” баракчасына жазып чыкты.

Депутат Виджила Сатьянант Индия балдар жана аялдар үчүн кооптуу өлкө экендигин, кылмышкерлер 31-декабрга чейин өлтүрүлүшү керектигин билдирип, “Кечиккен адилеттүүлүк адилетсиздик менен барабар”,- деп айтты.

Джайя Баччан Индия эли өкмөттөн так жана даана жоопту күтүп жатканын кошумчалады.

Дүйшөмбүдө, 2-декабрда парламент өкмөттөн Индиялык аялдардын коопсуздугун сактоону, тезинен чара колдонууну талап кылды.  Аялдардын укугун коргоону талап кылган масштабдуу акцияларга карабай, аялдарга болгон зордук-зомбулуктун деңгээли жогору бойдон калууда. Өкмөткө коюлган катуу талаптардан кийин жаза мурункуга салыштырмалуу катаалданса да кылмыштардын саны азайган эмес. 

Коргоо министри Раджнатх Сингх Хайдарабаддагы бул кылмыш өлкө үчүн эң уят экендигин белгилеп, “Мындай  мыкаачылыкты талкуулоого жеткиликтүү сөз таппай жатканын”,- айтты.

Анын айтымында, 2012-жылы Делидеги автобус каттамындагы студент кыздын бир нече киши тарабынан зордукталышынан кийин жазанын катаалдашы кылмышты азайтаар деген үмүттү актаган жок. Кылмыштуулук дале жогору бойдон калууда. Сингх өкмөт парламент менен кеңешип жазаны дагы катаалдаштырууга даярдыгын билдирди. Индиянын премьер-министри  Нарендра Моди Хайдарабаддагы бул окуя боюнча пикирин билдире элек.

Кыздын үй-бүлөсү саясатчылар, полиция менен жолугушуудан баш тартып, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышууда. Хайдарабад шаарынын Шамшабад районунда кыз жашаган жердеги тургундар жолдорду жаап:”Эч кандай массалык маалымат каражаттары, эч кандай полиция, эч кандай көңүл айтуу, бир гана адилеттүүлүк”,- деген жазууну илип коюшкан.  

Кыздын үй-бүлөсү эч бир чара көрбөдү деген 3 полиция кызматкери жумуштан четтетилди. Кыздын туугандарынын айтымында, алар полицияга кыздын жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылып жатышса, полиция кыз өзү жигити менен качып кетсе керек деп шакаба кылышкан. 

Аялдардын укугунун бузулушу Индиядагы эң талылуу маселелердин бири. Бирок, эч кандай өзгөрүү байкалбай келет.

Өлкө өкмөтүнүн маалыматына таянсак, 2017-жылы Индияда 33 600дөн ашуун аялдар зордук-зомбулукка кабылган. Бул мамлекетте бир күндө 90дон ашуун аял зордук-зомбулуктан жапа чегет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости