www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык Starlink компаниясы 13-августта Казакстанда спутник аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернет таратуу ишин баштаганын өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарыялады. Маалыматка караганда, мындан ары Казакстандын жашоочулары SpaceXтин спутниктик түйүнү аркылуу жогорку ылдамдыктагы жана стабилдүү интернет тутумуна кошула алышат.
12-июнда Казакстандын өкмөтү менен кол койгон макулдашууга ылайык, Starlink компаниясы бул мамлекеттин бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алган. Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өндүрүш боюнча министрлиги билдиргендей, бул жаңылык - аймагы кенен өлкөнүн алыскы шаар-кыштактарына интернетти жайылтып, ал жактарда жашаган элдин санариптик кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.