www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президентин дайындоо тууралуу маселе кызуу талкууланып жатат. Долбоордогу «өзгөчө учурларда» деген жобо Улуттук илимдер академиясынын президенттигине илимий даражасы жок адамдын дайындалышына мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул норма илимдин кызыкчылыгына туура келбейт.
Кыргыз элинде «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» деген кеп бар. Ар бир тармакты ошол тармактын табиятын, мыйзамченемдүүлүгүн жана жоопкерчилигин терең түшүнгөн адис башкарууга тийиш. Өзгөчө илим чөйрөсүндө башкаруучудан административдик жөндөм эле эмес, жогорку илимий даярдык, кеңири дүйнө тааным жана кесиптик аброй талап кылынат.
Арийне, Улуттук илимдер академиясы – бул жөн гана мамлекеттик мекеме эмес. Ал өлкөнүн илимий саясатын аныктаган, фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн багытын түзгөн, илимий экспертизаны жүргүзгөн жана мамлекеттин интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн дүйнөгө тааныткан эң жогорку илимий институт. Демек, мындай мекемени илимий даражасы, олуттуу изилдөөлөрү жана эл аралык илимий коомчулукта таанылган аброю бар окумуштуу жетектөөсү мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Академиянын президенти стратегиялык илимий долбоорлордун сапатына кесипкөй баа бере алышы, кайсы изилдөө өлкө үчүн маанилүү экенин, кайсы демилге илимий негизге ээ экенин ажырата билүүгө тийиш. Мындай чечимдерди илимдин ички мыйзамдарын түшүнгөн адам гана объективдүү кабыл ала алат.
Дүйнөлүк тажрыйба да ушул принципке негизделген. Илим жана технология жаатында алдыңкы орундарды ээлеген Кытайда, АКШда, ошондой эле Европа мамлекеттеринде жана постсоветтик өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгүндө Улуттук илимдер академияларын көрүнүктүү окумуштуулар жетектейт.
Бул жөн гана салт эмес, илимдин өнүгүүсүн камсыз кылган негизги талап.
Эгерде биз өлкөдө илимди өнүктүрүүнү чындап максат кылсак, анда илимди башкаруунун принциптерин алсыраткан эмес, тескерисинче бекемдеген чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Каржылык маселелер убакыт өткөн сайын чечилет. Бирок илимдин аброюна шек келтирген чечимдердин кесепети узак мөөнөттүү болот.
Ошондуктан Академиянын президенти сөзсүз түрдө жогорку илимий квалификациясы бар, илимий коомчулук тарабынан таанылган окумуштуу болушу керек.