www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы өкүлү Манас Аманбаев Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери менен биргеликте Анкара шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында орун алып жаткан укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында Манас Аманбаев презентация аркылуу Түркиядагы мекендештер арасында катталган укук бузуулар тууралуу маалымат берип, өзгөчө мыйзамсыз миграция, аткезчилик, жасалма документ даярдоо, экстремизм жана диний радикалдык топтордун таасири боюнча кеңири токтолду. Ошондой эле студенттерди мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга чакырып, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берилип, сунуш-пикирлер угулду.
Иш-чаранын соңунда студенттерге Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө” Жарлыгына ылайык, улуттук нарк-баалуулуктарды жайылтуу, заманбап билим берүүнү өнүктүрүү, мамлекеттин коопсуздугун жана элдин биримдигин сактоо максатында Кыргызстанда тартылган “Кара Кыргыз” аттуу тарыхый-драмалык төрт сериялуу тасма көрсөтүлдү.