www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ) чет өлкөгө иштөө үчүн кетүүнү пландап жаткан жарандарды алдамчы жумушка орноштуруу агенттиктеринен сак болууга чакырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, акыркы мезгилде социалдык тармактар аркылуу “оңой жана жогорку маянадагы жумуш” сунуштаган шектүү жарыялар көбөйүүдө. Мындай сунуштар көп учурда алдамчылык болуп чыгышы мүмкүн.
ИИМ жарандарга чет өлкөгө ишке орноштуруучу компанияларды тандоодо алардын лицензиясы жана расмий ишмердүүлүгү сөзсүз түрдө текшерилиши керек экенин эскертет. Ошондой эле жумуштун шарттары, эмгек акы, иш графиги жана жашоо шарттары тууралуу толук маалымат алдын ала такталышы зарыл.
Чет өлкөгө мыйзамдуу жумушка орноштуруу боюнча расмий агенттиктердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу migrant.kg порталы аркылуу текшерүүгө болот.
Министрлик ошондой эле эгерде агенттик кеңсеси жок болуп, кызматтарды онлайн же бейрасмий жерлерде гана сунуштаса, жарандар дароо укук коргоо органдарына же Бишкек жана Ош шаарларындагы Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборлоруна кайрылуусу керек экенин белгилейт.
ИИМ жарандарды чет өлкөгө эмгек миграциясына чыгууда өз укуктарын алдын ала үйрөнүп, коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууга чакырат.