www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) базасында ИИМ жетекчилиги менен АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын (DEA) делегациясынын жолугушуусу өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, БМЖККК башчысы Уланбек Султанов, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери, DEAнын аймактык директору Кристофер Дзедзик жана эки өлкөнүн антинаркотикалык кызматтарынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөш, бул багыттагы учурдагы чакырыктар жана келечектеги кызматташтыктын багыттары боюнча маселелерди талкуулашты.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Белгиленгендей, меморандумдун долбоору 2017-жылдан тартып иштелип келген. Тараптардын конструктивдүү кызматташтыгынын жана ИИМ жетекчилигинин колдоосунун натыйжасында документ боюнча макулдашуу толук аяктап, бүгүн расмий түрдө кол коюлду.
Тараптар кол коюлган меморандум кесиптик кызматташууну өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана баңгизат кылмыштуулугуна каршы күрөштү күчөтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Иш-чаранын алкагында америкалык делегация СБНОНдун Аналитикалык борборунун жана кинологиялык бөлүмүнүн иши менен да таанышты.