www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында өлкөнүн негизги автожолдорунда заманбап видеобайкоо жана көзөмөлдөө системалары иштеп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда интеллектуалдык камералар, аппараттык-программалык комплекстер жана мобилдик көзөмөл системалары Бишкек шаарында, ошондой эле Бишкек–Кордой, Бишкек–Нарын–Торугарт, Бишкек–Балыкчы–Чолпон-Ата–Каракол жана Бишкек–Ош автожолдорунун айрым тилкелеринде колдонулууда.
Жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн «Автоураган» мобилдик комплекстери пайдаланылып, алар ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу, жол белгилеринин талаптарын бузуу жана башка жол эрежелерин бузууларды автоматтык түрдө каттайт.