www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын жогорку лидери Моджтаба Хаменеи кеңсесинин коомчулук менен байланыш бөлүмү социалдык тармактарда тараган айрым маалыматтар боюнча расмий билдирүү таратты.
Билдирүүдө Хаменеи жана президент Масуд Пезешкианга байланыштуу интернетте жарыяланган айрым цитаталар менен маалыматтар чындыкка дал келбей турганы айтылат.
Кеңсе аятолла Хаменеи тууралуу расмий маалыматтар анын кеңсесинин расмий маалымат булактарында гана жарыяланарын белгилеп, башка булактардагы билдирүүлөрдүн юридикалык жана расмий күчү жок экенин билдирди.
Ошондой эле акыркы күндөрү социалдык тармактарда тараган айрым билдирүүлөр коомдо башаламандык, бөлүнүүчүлүк жана пикир келишпестик жаратууга багытталганын белгиледи.
Хаменеи кеңсеси президенттин каттарына байланыштуу жогорку лидердин позициясы тууралуу тараган маалыматтарды «жалган» деп атап, коомдук ынтымакка шек келтирген негизсиз айыптоолор өлкөгө каршы аракеттерге кызмат кылышы мүмкүн экенин билдирди.
Белгилей кетсек, айрым маалымат булактарында Пезешкиан жогорку лидер Моджтаба Хаменеи кеңсесине кызматтан кетүү тууралуу кат жөнөткөнү айтылган. Ошондой эле бул катта президент өкмөттүн маанилүү чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү чектелип калганын жана айрым күч түзүмдөрүнүн таасири күчөгөнүн билдиргени тууралуу маалымат тараган.
Ошондой эле, социалдык тармактарда жогорку лидер Пезешкиандын айрым саясий кадамдарына каршы экени, анын ичинде эл аралык сүйлөшүүлөр жана мамлекеттик чечимдер боюнча пикир айырмасы бар деген пикирлер айтылган.