www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 15-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирип, халал-индустрия чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузган учурлар үчүн административдик жоопкерчилик каралат.

Жаңы 385¹-берене боюнча халал-продукцияларды өндүрүүдө, сактоодо, ташууда жана жүгүртүүгө чыгарууда белгиленген талаптарды бузуу, ошондой эле тастыктоочу документтерсиз халал-продукцияларды жана кызматтарды сунуштоо үчүн айып пул салуу каралган.

Мындан тышкары, халал сертификаттарын жасалмалоо, маркировканы бурмалоо жана керектөөчүлөрдү адаштырууга багытталган аракеттерге каршы көзөмөл чаралары күчөтүлөт.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде кеңешме өткөрүлүп, жаңы нормаларды ишке ашыруу, ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, кабыл алынган өзгөртүүлөр халал-индустриядагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Последние новости