www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары менен келди.

Жогорку даражалуу конокту Бишкектеги Манас эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Бул расмий салтанат эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара сый-урматты чагылдырды.
Белгилей кетсек, бул Грузия Өкмөт башчысынын Кыргызстанга дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки биринчи расмий сапары болуп саналат.

Сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, саясий-экономикалык байланыштарды бекемдөө жана өз ара кызыкчылыктагы маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

Последние новости