www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гонконгдо кишилердин бири-бири менен байланышын азайтуу максатында конокторду робот тейлей баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

“Бул үчүн L'hotel Grou мейканканасы Genie деп аталган роботту кызматка алды. Ал 432 бөлмөдөгү конокторду тейлеп жатат. Genie иштей баштагандан бери коноктор өзгөчө кызматкер менен сүрөткө түшүү үчүн атайын бөлмөлөрүнө тамак-аш алдыра баштады. Күнүнө ага 130-150 заказ түшөт”, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматтарга ылайык, жакында дал ушундай дагы эки робот ишке берилет. Алардын ар биринин баасы 100 миң доллардан жогору.

Адистердин айтымында, коронавирус пандемиясы унутта калгыча, тагыраагы, дагы беш жылдай мейманкана бизнесинде мындай роботтор өтө популярдуу болмокчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости