www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Устаранын мизинде оодарылган дүйнө” — деп Арстан Буйлаш уулу айткандай, бүгүнкү заманда мактоо менен кошоматтыктын ортосундагы сызык жоголуп бара жаткандай. Акыркы жылдары коомдун аң-сезими өзгөрүп, Кыргызстанда гана эмес дүйнөдө да баалуулуктардын багыты оошуп турат.

Бүгүн коомдо эң кооптуу көрүнүш – жоопкерсиздик. Ата-бабалардын сөзүнө, элдин нарк-насилине суугарылган коом “пулуң болсо кулуңмун” деген түшүнүктүн туткунуна айланып баратат. Адам укугу бирде даңкталып, бирде тепселип, моралдык тең салмак жоголууда.

Эң кейиштүүсү — социалдык тармак кыргыздын дүйнө таанымын калыптандырып же жокко чыгарып коомдук пикирди башкара баштады. Фейсбук, Инстаграм жана башка платформалар элди жеңил-желпи “пиарга” ишендирип, жалган даңк менен жалган ишенимди жаратып койду. Коом “лайк” аркылуу чыныгы баалуулукту айырмалай албай, жасалма образдарга ишенип бара жатат.

Мисалы, ишеним — адамдын ички компасындай касиет. Ал туура багыт көрсөтөт, жаңылтпайт. Тилекке каршы, бүгүн ишеним дагы манипуляциянын куралына айланды. Социалдык тармактар атайын системанын бир бөлүгү болуп, элдин аң-сезимин “виртуалдык реалдуулукка” байлап салды. Калп эмоциялар, жасалма жактыруулар, атайын уюштурулган мактоо топтору коомдук ой жүгүртүүнү бурмалап жатат.

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери көп өтпөй эле айрым талапкерлерди көтөрмөлөгөн, мактоону көбүрткөн интернет-топтор пайда болду. Бирок суроо орчундуу бойдон калууда... Талапкердин тагдырын Фейсбук чечеби же элдин акылдуу тандоосу чечеби? Бул башка маселе.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews

Последние новости