www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бурулай Исабаева дайындалды.

Жаңы кызматка чейин ал Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Райондук мамлекеттик администрациянын маалыматына ылайык, дайындоо президенттин гендердик теңчиликти камсыздоо, аялдардын мамлекеттик башкаруудагы катышуусун кеңейтүү жана жетекчилик кызматтардагы ролун жогорулатуу боюнча жүргүзүп жаткан саясатынын алкагында ишке ашырылды.

Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасына ылайык, өлкөдөгү 409 айыл өкмөт башчысынын ичинен болгону 12си аялды түзөт. Бул жалпы көрсөткүчтүн 2,9 пайызын түзөт. Ал эми 2022-жылы аял айыл өкмөт башчыларынын саны 24 болгон.

Последние новости