www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан командалар белгилүү болду.

Чемпионаттын расмий маалыматына ылайык, финалга жолдомо үчүн Франция, Испания, Англия жана Аргентина курама командалары күч сынашат.

Жарым финалдык беттештердин алкагында 14-июлда Франция менен Испания беттешет.

Ал эми 15-июлда Англия менен Аргентина финалга чыгуу үчүн оюн өткөрөт.

Үчүнчү орун үчүн беттеш 18-июлда АКШнын Майами шаарында уюштурулат. Ал эми дүйнө чемпионун аныктай турган финалдык оюн 19-июлда АКШнын Ист-Ратерфорд шаарындагы MetLife Stadium стадионунда өтөт.

Стадион 82 миң 500 көрүүчүгө ылайыкташкан.

Быйылкы дүйнө чемпионатынын жалпы байге фонду 650 миллион долларды түзөт. Ал эми чемпион аталган команда болжол менен 62 миллион доллар сыйлыкка ээ болот.

Эске салсак, учурдагы дүйнө чемпиону — Аргентина. Быйылкы дүйнө чемпионаты АКШ, Мексика жана Канаданын аймагында биргелешип өткөрүлүүдө.

Последние новости