www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы 18-20-июнда Чолпон-Ата шаарында өткөн Ысык-Көл форуму коомчулукка азырынча бир нече сүрөттөрдү жана расмий маалыматтарды гана жайылта алды. Кыргыз интеллигенциясынын форумдун жүрүшундөгү эң көп талкууланган иш-аракети – Нобель сыйлыгынын лауреаты, дүйнө элине белгилүү кытайлык жазуучу, Mo Yan менен түшкөн сүрөттөр болду. Коомдук тармактарды карасаң, айрым кыргыз интеллигенттери үчүн форумдун негизги жыйынтыгы ушул сыяктуу сүрөткө түшүү эле болгондой таасир калтырууда.

Албетте, форумга катышуу, белгилүү инсандар менен сүрөткө түшүү – ар ким үчүн сыймык чыгар. Бирок интеллектуалдык чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн мындай иш-чаранын баалуулугу эстелик сүрөттөр менен эмес, өз жадынан чыккан олуттуу ойлорду ортого салуу, катышуучулар менен болгон талкууда айтылган ар тараптуу пикирлер, сунушталган идеялар, дүйнө коомчулугуна калтырган интеллектуалдык мурас менен өлчөнүшү керек эле. Азырынча КР Эл жазуучусу, драматург – Султан Раев гана өзүнүн форумда сүйлөгөн сөзүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады. Анын сөзү аркылуу форумдагы интеллектуалдык дискуссиянын мазмуну жөнүндө азынолак түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк тузүлдү.

Ал эми калган катышуучулар эмне кылышты? Балким алар да мазмундуу баяндамаларды жасаган чыгар. Балким маанилүү жолугушууларды өткөргөндүр. Бирок алардын ишмердиги коомчулук үчүн жабык бойдон калды. Алардын нускалуу сөздөрүн “келечекте китептен окуйт экенбиз” ошону айтышты. Интеллигенциянын милдети – эл алдында сүрөткө түшүп, же бири-бири менен сагынышып учурашканын коомчулукка көрсөтүү эмес, караламан эл менен ой бөлүшүү экенин айта кеткенибиз оң го. Бүгүнкү санарип доорунда өткөрүлгөн форумдун катышуучуларынын сунуш-пикирлери коомчулукка өз убагында жетпей, кыргыз интеллигенциясы тарабынан көтөрүлгөн идеялар учурунда ЖМКлар аркылуу жарыяланбай калганы осол иш болду. Маалымат күткөн аудиториядагы вакуумду Аскар Акаев өзүнүн негативдүү актануулары менен ээлеп алып, форумдун коомдук маанисин кескин төмөндөтүп салды.

Интеллигенциянын өкүлдөрү мындай эл аралык алкактагы чоң жыйындардан кийин макалаларды жазып, иш-чаранын жүрүшүнөн мазмуундуу репортаждарды берип, жолугушуудан алган таасирлерин караламан эл менен бөлүшүүсү керек эле. Алар үчүн интеллектуалдык иш-чара жеке аброй топтоонун эмес, коомдук пикирди байытуунун мүмкүнчүлүгү болуусу шарт болчу. Бүгүнкү кыргыз интеллигенциясынын эл аралык форумдарга катышуу ыкмасы, идеялардын таймашынан көрө символикалык катышуунун формасына айланып бара жаткандай таасир калтырат. Социалдык тармактарда “бирөөнүн агасын сагалаган” сүрөттөр көбөйдү, бирок ошол сүрөттөрдүн артындагы мазмун көрүнбөй кала берди.

Ысык-Көл форуму – жөн гана протоколдук иш-чара эмес эле. Ал – планетадагы жалпы адамзатка таандык цивилизациялардын, маданияттардын жана интеллектуалдык агымдардын жолугушуу аянтчасы болчу. Мындай жерде кыргыз адабияты менен искусствосунун дүйнөгө чыгуу мүмкүнчүлүктөрү, улуттук маданияттын азыркы абалы, жасалма интеллект доорундагы тилдин келечеги, аймактык коопсуздук жана маданий эл аралык дипломатия сыяктуу маселелер көтөрүлүшү зарыл эле. Эгер форумдан кийин коомчулукта “ким эмне сүйлөдү?” деген суроо жоопсуз калса, анда бул уюштуруучулар үчүн да, катышуучулар үчүн да “форум максатына жеткен жок” деген олуттуу сигнал экенин моюнга алышыбыз керек. Интеллигенциянын коом алдындагы жоопкерчилиги сүрөткө түшүү менен чектелбейт. Анын негизги милдети – коомдук ойду жаратуу, баардык тармактар боюнча олуттуу суроолорду коюп, аларга так жооп издөө болушу керек эле. Болбосо дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу менен бир катарга туруп сүрөткө түшүү интеллектуалдык жетишкендик эмес, ал жеке архив үчүн сакталган эстелик гана болуп калары реалдуу чындык.

Коомдук аң-сезимде форумдун дагы бир көрүнүктүү катышуучусу катары мурдагы президент Аскар Акаевдин образы коомчулук арасында кызуу талкууга түштү. Айрымдар анын карылыкка байланышкан өзгөрүүлөрүн белгилеп жатышат. Бирок маселенин өзөгү жеке адамдын жаш курагында эмес. Чыныгы суроо башкада, дүйнөлүк деңгээлдеги ойчулдар, жазуучулар жана коомдук ишмерлер келген эл аралык аянтчада кыргыз интеллигенциясы эмне айтты? Кандай маселелерди көтөрдү? Кандай демилгелерди сунуштады? Аскар Акаев акыркы мезгилде коомдук мейкиндикте көбүнчө эл аралык форумдардын коногу, окумуштуу же аксакал саясатчы катары көрүнө калып жүрөт. Аны менен жолугушкандар сүрөткө түшүп, чакан эскерүүлөрүн жарыялаганына да коомчулук күбө болууда. Бирок бул жолку форумдан кийин кыргыз журналистикасы түптөгөн коомдук пикирде бир кыйла маанилүү суроо ачык бойдон калууда. Эмне үчүн биз анын доорун кайрадан олуттуу саясий талдоого албай келе жатабыз?

Эгерде бүгүн кайсы бир журналист же подкастчы – блогер Аскар Акаевди кеңири маекке чакыра турган болсо, анда маектин өзөгү анын кооз сөзүн эрчип өткөндү эскерүү эмес, Кыргызстанды 15 жыл башкарган мурдагы мамлекет башчысынын саясий жоопкерчилиги жөнүндө болушу керек. Эгемендиктин алгачкы он беш жылындагында Кыргызстан кандай жолду басып өттү? Эмне үчүн бир мезгилде “Кыргызстан Борбор Азиянын Швейцариясына айланат” деген ураан көтөрүлсө, кийин “Жапон мамлекетинин өнүгүү моделин тандайбыз” деген идеялар Аскар Акаев тарабынан айтылып, бирок өзү айткандай 2005-жылга чейин (ал жумушун өзү жыйынтыктап бүтүп атканга) чейин ишке ашкан жок? Эмне үчүн мамлекеттин стратегиялык багыты улам өзгөрүп турду? 

Эмне себептен легендарлуу парламент менен президенттик бийликтин ортосундагы карама-каршылык өлкөнүн алгачкы демократиялык институттарынын алсырашына алып келди? Аны президент кылып шайлаган парламентти таратып, бийлик вертикалын күчөтүү чечимдеринин артында кандай саясий максаттар турган? Эмне үчүн өлкөдө премьер-министрлер бат-баттан алмашып, өкмөт башчылары узак мөөнөттүү реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышкан жок? Эмне үчүн Конституция Аскар Акаев каалагандай бир нече жолу өзгөртүлүп, мамлекеттик башкаруунун эрежелери туруктуу нукка түшө алган жок? Эмне үчүн ал президент болуп турганда “Аксы окуясында” тынчтык митингге чыккан карапайым эл милиция тарабынан ээн талаада кууп жүрүп атып өлтүрүлдү? Эгер ал өзү айткандай баары жакшы болуп жатса, анда эмне үчүн ал 2005-жылы бийлигин таштап Москвага өз элинен качып кетти?

Коомчулук арасында көп айтылып жүргөн ар кандай адамдардын мамлекеттик кызматка президенттин жарлыгы менен дайындалышы жана алардын ишке киришүүсүнө аз калганда чечимдин өзгөртүлүшү. Мындай окуялар мамлекеттин кадр саясатындагы стратегиялык максатка эмес, саясий конъюнктурага көбүрөөк баш ийген деген пикирлерди жараткан. Албетте, тарыхый акыйкат бир жактуу өкүм менен өлчөнбөйт. Аскар Акаевдин тушунда Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча Борбордук Азия аймагындагы мамлекеттерге салыштырмалуу ачык өлкө катары таанылган учурлар болду. Жарандык коомдун калыптанышына мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол эле мезгилде бийликтин үй-бүлөлүк жеке кызыкчылыктарга ыкташы, саясий атаандаштарды сүрүп чыгаруу аракеттери, мамлекеттик институттардын туруксуздугу өлкөнү акырындап терең саясий кризиске алып келди.

Кыргызда “Жетекчиси элине жараша болот” деген сөз айтылат. Балким, Аскар Акаев өз мезгилинин эң билимдүү жана интеллектуалдуу саясатчыларынын бири болгон чыгар. Бирок мамлекетти башкарууда илимий интеллект менен саясий көрөгөчтүк дайыма эле айкалыша бербесин ал өз саясий ишмердүүлүгү менен далилдеди. Элдин үмүтү менен бийликтин мүмкүнчүлүгү дал келбей калган учурлар болот. Ошондо тарых адамдын жакшы сапаттарын эмес, анын чечимдеринин кесепеттерин көбүрөөк эстеп калат. Тарыхта айрым инсандар өз доорунун куруучусу катары элдин эсинде калса, айрымдары колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрдүн символуна айланат. Аскар Акаевдин тарыхый орду тууралуу акыркы сөздү убакыт айтат. Бирок бир нерсени унутпашыбыз керек, бүгүн ага мактоо айтуудан да, аны жектөөдөн да мурда, жоопсуз калган суроолорду кайрадан анын алдына коюуга мезгил жетти. Анткени мамлекеттин тарыхын түшүнүү үчүн анын ийгиликтерин гана эмес, жаңылыштыктарын да ачык талкуулоо зарыл.

Европада Ренессанс байыркы Рим менен Грециянын маданиятын кайра жандандыруудан башталса, кыргыз маданиятында бул процесс улуттук тарыхты жана руханий баалуулуктарды кайра ачуу менен коштолгон. Аскар Акаев Кыргызстанга келип, Ысык-Көл форумунан кийин интервью берип жатып: “кыргыз эли чымындын пил жасаганга уста эл. Ошондуктан дүйнө жүзүндө эң чон эпос – Манас бизде жаралган...” деп атпайбы. Саякпай Каралаев өзүнүн феноменалдуу эс тутуму, адам баласында сейрек кездешкен таланты менен жарым миллион саптан ашык ыр менен “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосунун үчилтигин кагазга түшүрүүгө шарт түзүп, дүйнөлүк маданияттын тарыхындагы теңдешсиз руханий Ренессанс жаратып кеткенинен ал кишинин кабары бар чыгар. 

Аскар Акаевди мамкатчы ошол дүйнөнүн чар тарабынан келген белгилүү жазуучулар, илимпоздор, маданият жана коомдук ишмерлер чогулуп, жер планетасынын келечеги, глобалдык көйгөйлөрү, адамзаттын руханий баалуулуктары тууралуу пикир алышып, ой бөлүшүп кетүү үчүн эл аралык эркин интеллектуалдык аянтча болгон – Ысык-Көл форумуна чакырбады беле. Бирок ал эмне максат менен чакырылганын унутуп, 16 жылдан бери тагынан тайгылтып, кууп жиберген Кыргыз элине болгон жек көрүүсүн өпкө-жүрөгү менен кошо сууруп чыгып, жерге чаап көрсөтп алды. Ал эмдигиче эмне себептен кыргызстандан куулуп кеткенин түшүн элек сыягы. 

Аскар Акаев айткан, “чымындан пил жасаганга уста кыргыз эли жараткан” Манас эпосу улуттук ренессанстын эң башкы пайдубалы, алтын казыгы. Ал эми Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев эпикалык Ренессанстын туу чокусу. Аларды бул катардан эч ким четтеттете албайт. Тескерисинче, дүйнөлүк алкактагы адабиятчылар менен маданият таануучулар Саякпай Каралаевди “Кыргыздын Гомери”, улуттук кайра жаралуунун эң залкар фигурасы катары даңазалап келет. Анын бул катардан өзгөчө орун ээлешинин негизги себеби, Манас эпосу кыргыз профессионалдык адабияттынын булагы. XX кылымдагы Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Токчоро Жолжошов, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбековдор баштаган кыргыздын профессионал жазма адабияты жок жерден пайда болгон эмес. Алардын баары Сагымбай Орозбаков, Саякпай Каралаев баш болгон улуу манасчылардын тилинен, көркөм образдарынан, философиялык ой чабытынан азыктанышкан. Кетбука, Токтогул, Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Барпы... сыяктуу элдик оозеки чыгармачылыктын өкүлдөрү кыргыз тилинин эң бай казынасын сактап берген “титандар” болгон десек жаңылышпайбыз.

Адабият таанууда классикалык “Ренессанс” түшүнүгү көбүнчө оозеки маданияттан профессионалдык жазма маданиятка, жеке автордук адабиятка өтүү мезгили менен байланыштырылат эмеспи. Сагымбай Орозбаков, Саякпай Каралаевдер элдик оозеки чыгармачылыктын, фольклордун залкар өкүлдөрү. Ошондуктан, эгер кимдир бирөө жазуучулар менен акындардын гана тизмесин түзсө, Сагымбай, Саякпайлар фольклордук категорияга кирип, тизмеге түз кошулбай калышы мүмкүн. Бирок, маданияттын жалпы контекстинде Сагымбай менен Саякпайсыз кыргыз ренессансын элестетүү мүмкүн эмес. Алар жөн гана аткаруучулар эмес, алар миллиондогон саптарды өз алдынча иштеп чыгып, поэтикалык кубат берген улуу импровизаторлор. “Чымындан пил жасаганга уста элбиз” деп келекелебей, мына ушундай Кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын кайра ачып, изилдеп, коомдук өнүгүүнүн булагына айлантсак улуттук ренессанстын негизги белгилеринин өзөгүн ачкан болор элек. 

Бахпурбек Аленов

Последние новости