www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Финляндия Орусия менен чек арасына узундугу 200 чакырым болгон тосмонун курулушун аяктады.
Бул тууралуу фин маалымат каражаттары кабарлады.
Финляндиянын ички иштер министри Мари Рантанен келечекте тосмо коюлган аймактарды кеңейтүү зарылдыгы жаралышы мүмкүн экенин билдирди.
Финляндиянын Орусия менен болгон чек арасынын узундугу 1340 чакырымды түзөт. Бул – Орусия менен чектешкен Европа Биримдигине же НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ичиндеги эң узун чек ара.
Рантанендин айтымында, Украинадагы согуш башталгандан кийин Европадагы коопсуздук кырдаалы олуттуу өзгөргөндүктөн, мындай тосмону куруу зарыл болгон.