www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Филиппиндин жээгинде болгон жер титирөөдөн 32 адам каза болуп, дагы 456 киши жабыркады. Андан сырткары 4 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен «Reuters» агенттиги билдирди. Алардын тактоосунда, адамдардын көбү үйлөрдүн урашынан жана жер көчкүдөн улам курман болушкан.

Жер титирөөдөн калкынын саны 700 миңге жакын болгон Генерал-Сантос шаары эң көп жабыркады. Ал жерде дүкөндөр менен имараттар зыянга учурап, айрымдарынын маалымат такталары менен айнектери сынса, кээ бирлери толугу менен урап калган. Жергиликтүү бийлик азырынча коммуналдык тармактарга жана инфраструктурага келтирилген зыянды баалап жатат.

Жер титирөөнүн магнитудасы 7,8ди түздү. Филиппиндин тургундары дөңсөөлөргө эвакуацияланууга чакырылды. Аралдарда толкунунун бийиктиги бир метрден ашкан цунами коркунучу жарыяланды. Филиппиндин президенти кенже Фердинанд Маркос Минданаонун жабыр тарткан аймактарында окуу процесстерин убактылуу токтотууну тапшырды. Жапонияда дагы жээктеги райондордун 180 миңден ашык тургуну эвакуацияланды.

Последние новости