www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ: М.Чегирткеевдин арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө 2019-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына жаран М.Чегирткеев кайрылып, 2010-жылдын 6-7–апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязов менен башка комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, врачтардын Сочиге Апрель окуяларында жабыркаган адамдардын дарыланышы керектиги тууралуу көрсөтмөсүнө карабастан, алардын дарылануусунан баш тартышып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине которулган дарылоо үчүн делген 200 миң сомду кайтарып алышканын, ушуга байланыштуу анын ден соолугу начарлап, моралдык азап чеккендиги үчүн аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыз менен кайрылган. Жогорудагы арыз 2019-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтарды каттоо журналына катталган жана материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилген. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы М.Чегирткеевдин арызын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми, Башкы прокуратура КЖБРге кирген материалды ИИМдин Тергөө кызматына сотко чейинки иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берген. Жогорудагы кылмыш иши боюнча ички иштер министрлигинде ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg