www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук тармактарын жаңылоо иштери аяктаганын билдирди.
Бул тилкеде диаметри 426 мм болгон түтүк өткөргүч алмаштырылды.
Оңдоо иштеринин кийинки этабынын алкагында 26-июлда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук камерасынын эски жабуу плиталарын демонтаждоо, жаңы плиталарды орнотуу, камераны тазалоо жана жылуулук изоляциялоо иштери жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу аталган аймакта унаа кыймылы убактылуу жарым-жартылай чектелет.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жана конокторун маршруттарын алдын ала пландап, киргизилген убактылуу чектөөлөрдү эске алууга чакырды. Ошондой эле жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.