www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 30-марттан тарта Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Атап айтканда, көчөнүн Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
"Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы аталган тилкеде эскирген жылуулук түтүктөрүн алмаштырууну пландаштырууда. Натыйжада, жалпы узундугу 260 метр болгон жылуулук түтүктөрү жаңыланат.
Инженердик коммуникациялар алмаштырылгандан кийин жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп, жол калыбына келтирилет.