www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Структуралык кризис, кризистен чыгып өнүгүүгө өтүш үчүн фундаменталдуу өзгөрүлөргө барыш керек», - деди бүгүн, 12-мартта, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест агай, айыл чарбага өзгөчө көңүл бурулганы азык-түлүк коопсуздугун алдын алууга жасалган аракетпи?

- Президнт өкмөтү менен айыл чарбага быйыл өзгөчө көңүл буруп атат. Бул аракет өлкөнүн, ар бир үйбүлөнүн азык-түлүк коопсуздугун алдына алып аткандары. Садыр Жапаров жакында өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылуусунда «Кыргызстан өзүнүн айыл-чарба продуктыларын өндүрүү жана аны кайра иштетүүнү кыйла көбөйткөнгө тийишпиз» - деди. Бул жагынан жакшы эле аракеттер болууда. 26 млрд сом айыл чарбага жеңилдетилген насыя берилип атат.

Көп жылдан бери авторитеттүү адистер айтып келе аткан дүйнөлүк доллар системасы кыйроо абалында турат, балким быйыл 4-5 валюта зоналар пайда болот, жаңы экономика моделдерге өтүп мамлекеттер өз өлкөлөрүнүн коопсуздугун сактаганга, бекемдегенге аракет кылышат.

Кыргыз республикасы да аракет кылып жатат. Бирок, эртерээк өзүбүздүн өндүрүш экономикалык контурубузду түзүп алсак болмок, ортомчулардан айрылып, каражатты банк аркылуу эмес, түз фермер, өндүрүүчүлөргө берип, электр энергиянын тарифин өндүрүүчүлөргө кымбаттатпай, өзүбүздүн суу, көмүр аркылуу көз карандысыз энергетика коопсуздугубузду түзүп алсак жакшы болот эле.

Бул үчүн эртерээк кыйрап бараткан либералдуу экономика моделинен баш тартып, өзүбүздүн жөнөкөй, түшүнүктү, реалдуу, натыйжалуу экономикабызга өтүшүбүз керек. Демек, өкмөттө министрликтерде либералдык, спекулятивдүү экономикадан башканы билбегендерди иштен айдап, Кыргызстандын реалдуу, натыйжалуу экономикасын түзө тургандарды жумушка тартыш керек.

- Орусияга салган санкциялар бизге кандай таасир берет?

- Орусияга кирген санкциялар бизге түздөн түз таасир берет, анткени баардык өлкөлөр бир Бреттон Вуд системасында жашап келебиз. Кыргызстандын банктарынын корреспонденттик эсептер Орусиянын банктарында, демек мамлекетибиздин төлөмдөрү Орусия аркылуу кетет.

Кыргызстан баардык жагынан көз каранды өлкө, энергетика 80%-га көз каранды, азык-түлүк жан башка маселелерде да. Жогоруда айткандай, өкмөт аракет кылып жатат санкциялардын таасирин азайтканга.

Бирок, бул кризис жөнөкөй өзү келип-кетип калгандай кризис эмес. Бул структуралык кризис, кризистен чыгып өнүгүүгө өтүш үчүн фундаменталдуу өзгөрүлөргө барыш керек, өзүбүздүн өндүрүш экономикабыз ойлоп табышыбыз керек. Эски спекулятивдүү экономиканын ичинде өнүгүү жолуна чыга албайбыз. Бул аксиома.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости