www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-июлда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Бишкек шаарындагы «Wool KG» жүн иштетүүчү ишканасына барып, анын өндүрүш ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ишкана жергиликтүү жүндү кабыл алуу, жуу, кайра иштетүү жана тарак жүнүн өндүрүү менен алектенип, учурда өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө «Wool KG» ишканасы жылына болжол менен 400 тонна жүндү Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы фермерлерден жана даярдоочулардан сатып алып, 71 адамды туруктуу жумуш менен камсыздап келет. Өндүрүштү кеңейтүүнүн алкагында дагы 50дөн ашуун жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.

Белгиленгендей, долбоор ата мекендик чийки затты өлкө ичинде терең кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүп, продукциянын кошумча наркын жогорулатууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт.

Ишкананын өндүрүш процесси менен таанышкан Эрлист Акунбеков жүндү терең кайра иштетүүнү өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Биздин негизги максат – чийки затты сыртка чыгарбай, аны өлкө ичинде кайра иштетип, даяр продукциянын көлөмүн көбөйтүү.

Бул фермерлер үчүн туруктуу рынок түзүп, жаңы жумуш орундарын ачууга жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Министрлик мындай демилгелерди мындан ары да колдоого даяр», – деди министр.

Последние новости