www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын ажарлуу эстрада ырчысы Ерке Есмахан  менен Кайрат Нуртастын апасы жана   продюсери Гүлзира Айдарбекованын ортосунда нааразычылыктар болгонун казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Ерке Есмахандын "Кайда?" аттуу ыры YouTube каналында 100 миллиондон ашуун каралган. Еркенин ыры баласыныкынан көп кароо болгонуна ичи ачышканбы же башка себеби барбы, айтоор, Кайраттын апасы Гүлзира Айдарбекова жергиликтүү журналистке мындай болушуна ишенбестигин айтып алган. Ал: "Менимче, Кайраттын Ерке Есмаханга караганда катталуучулары да, көрүүчүлөрү да көп. Казакстанда Кайрат биринчи орунда деп ойлойм. Али Кайраттан эч ким ашкан жок. Мага кароону көбөйтүп беребиз деп кайрылгандар болгон. Аларга акча берсең, кароону кошуп беришет экен. Бирок, мен мындай иштерден алысмын", - деген.

Казакстандын дагы бир белгилүү ырчы  айымы Жанар  Айжанова да бул жөнүндө  өз оюн айткан: “Менин катталуучуларым кудайга шүгүр, калк алдында өзүңдүн чыныгы алган бааң сиңимдүү болот эмеспи. Мейли катталуучуларың көп болсун, бирок эл алдында эч нерсе  дей албай турсаң, анын эмнеси жакшы”,  -дейт ал.

Буга жооп кылып Ерке Есмахан  Инстаграмм баракчасына өзү ырдаган видеосун жүктөп, “эми эмне деймин, мен эч кимге жаккым келбейт, эч кимдин көңүлүн калтыргым келбейт. Кыскасы баары жакшы болушун каалаймын. Менин угармандарым, көрүүчүлөрүм да абдан көп.

Менин ата-энем продюсер эмес. Алар жөн гана менин угармандарым. Бирөөнүкүн тартып алган жерим жок, бардыгы өз эмгегим менен келип жатат. Бул заманда баардыгын сатып алса болот чыгар, бирок өнөр адамы элдин сүймөнчүлүгүн эч качан сатып ала албайт.

Менин чыгармачылык жолумдагы жеткен ийгилигим - эл. Ютубду мен кандай сатып алам?! Эгер сатып алууга мүмкүн болсо, акчасы көптөр сатып алып, миллиардер болуп кетмек.

Мен  ийгиликке  жетиш үчүн  өмүрдүн канчалаган сыноолордон өттүм. Баардыгын кудайга тапшырдым. Гүлзира апай мен Сизди баары бир жакшы көрөм, сыйлайм! Кайрош досум, бакытың арта берсин! Ээсиңде чыгар, сага айтып эле жүрөм,  сен “номер один” экениң чындык! Аман бололу”, - деп жазган Ерке Есмахан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости