www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Бакыт Тентишев белгилегендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна инвестиция тартуу үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү жана өнүктүрүү. Негизги милдети бул объекттер үчүн орнотулган кубаттуулуктун чегин 30дан 50 МВтка чейин жогорулатуу.
Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Мыйзам долбоорун Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитет төрагасынын орун басары Гүлнара Баатырова тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишимдер боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу, ошондой эле калктын айрым категорияларын акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык кызматтар менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Тагыраагы, жеңилдетилген шарттар 18 жашка чейинки балдарга, кесиптик окуу жайларынын, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине (21 жашка чейин) республикалык бюджеттен төлөнүп берилет деген ченем сунушталууда. Белгилей кетсек, азыркы мыйзам боюнча бул ченем 16 жаш менен чектелген.
Талкуу маалында депутаттар Алтынбек Кылычбаев жана Дастан Бекешев тармактык министрликти акысыз көрсөтүлүүгө тийиш болгон медициналык кызматтар боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырышты. Ал эми эл өкүлү Жылдыз Эгенбердиева инсульт менен түшкөн бейтаптар үчүн МРТ жана КТ аппараттарында текшерүүдөн өтүүнү мамлекеттик кепилдиктер программасына киргизүү керектигин белгилесе, депутат Жылдыз Садырбаева мамлекеттик ооруканалардагы медициналык жабдууларды техникалык жактан тейлөө маселесин көтөрдү.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.